Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Илмиянов азырынча УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып турат


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс кеңешчиси, жети жылга эркинен ажыратылган Икрамжан Илмияновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев Октябрь райондук сотунун өкүмүн бүгүн колго алып, кийинки инстанцияга кайрылууга даярданышарын билдирди. Азырынча Икрамжан Илмиянов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитеттин убактылуу кармоочу жайында отурат.

30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып пул салуу менен үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган. Ишти судья Дамирбек Назаров карады. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылды. Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айтып, акыйкат чечим чыгарууну өтүнгөн.

Ал 2018-жылдын 20-октябрынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитеттин убактылуу кармоочу жайында отурат. Илмияновго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып таккан. Прокурор анын күнөөсү толук далилденгенин билдирип, 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү сураган. (TSh)

XS
SM
MD
LG