Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

Жээнбеков: Турдакун Усубалиев - бир доордун кайталангыс инсаны


Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин небереси Эрмек Усубалиевди кабыл алды.
Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин небереси Эрмек Усубалиевди кабыл алды.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушканда айтты. Өлкө башчынын аппаратынын басма сөз кызматы жолугушууда Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагында болчу иш-чаралар тууралуу пикир алышканын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилеп, Усубалиев Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бир доордун кайталангыс инсаны экенин айтты.

6-ноябрда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине байланыштуу Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында иш-чара өтөт.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкордо туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, «Ак шумкар» өзгөчө белгисин, «Манас», «Ленин», «Эмгек кызыл туу» жана башка ордендерин алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG