Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 22-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 01:24

АКШ Париж келишиминен чыгуу жараянын баштады


Дональд Трамп Париж келишимине башынан бери эле каршы болуп келет.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 4-ноябрда жарыялады жана тиешелүү маалымат Бириккен Улуттар Уюмуна жөнөтүлгөнүн билдирди. Келишимден чыгуу жараяны кеминде бир жылга созулмакчы.

Дональд Трамп президенттикке аттанып жатканда ошол кездеги Кошмо штаттардын лидери Барак Обама кол койгон бул экологиялык келишимден чыгуу тууралуу убада берген. Анын жүйөсүндө, документ АКШдагы бизнеске, өндүрүшкө кедергисин тийгизет жана жумушчу орундарды кыскарат.

Трамптын сынчылары Вашингтон бул келишимден чыгып кетсе, дүйнө коомчулугунун климаттын өзгөрүшүнүн алдын алуу чараларына опол тоодой залакасын тийгизерин эскертип жатышат.

АКШ Кытайдан кийинки эле абаны эң көп булгаган өлкө болуп эсептелет.

Климаттын өзгөрүүсүнүн алдын алууну көздөгөн Париж келишимин мындан үч жыл мурун дээрлик эки жүздөй мамлекет колдогон.

Париж келишимине Кыргызстан да кол койгон. Ушул тушта Жогорку Кеңеште келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Сентябрь айында парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети бул документти жактырган болчу.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG