Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:29

Гольф федерациясынын өтмө кубогун Константин Суриков утту


52 жаштагы спортчу Константин Суриков Кыргызстандын Гольф федерациясынын өтмө кубогун утуп алды. Бул тууралуу аталган федерациянын басма сөз катчысы Андрей Мымрын билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш Чүй облусунун Кара-Жыгач айылындагы гольф клубда өтүп, ага жети өлкөдөн 56 оюнчу катышты. Эркектер арасындагы оюнда баш байгени Константин Суриков алды. Экинчи орунду дагы бир кыргызстандык Рустам Курбаналиев, үчүнчү орунду түштүк кореялык Ким Сок Тё ээледи. Баш байгеден сырткары Суриковго “Спорт чеберине талапкер” наамы ыйгарылды.

Константин Суриков.
Константин Суриков.

Кыз-келиндер арасында таймашта биринчи орунду казак спортчусу Светлана Кан, экинчи орунду Мадина Ишенова ээледи. 2018-жылы кыз-келиндер арасында жеңүүчү болгон Айгүл Акималиева быйыл үчүнчү орунду ээледи.

Кыргызстандын Гольф федерациясынын өтмө кубогу үчүн мелдеш жыл сайын күз айларында өткөрүлөт. Аталган мелдешке Кыргызстандан сырткары Канада, Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Түштүк Африка өлкөлөрүнөн спортчулар келген. (GT)

XS
SM
MD
LG