Польшанын Катовице шаарында бүгүн, 5-ноябрда Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (ВАДА) бешинчи дүйнөлүк конференциясы башталат. Жыйын үч күнгө созулат жана күн тартибинде агенттиктин жаңы президентин шайлоо, кызытмага каршы жаңы кодексти кабыл алуу өңдүү маселелер бар. Бирок бир катар байкоочулар орус спортундагы кызытма жаңжалынын өнүгүшү да башкы тема болоорун белгилешет.
Жыйындын алдында ВАДАнын биринчи президенти Дик Паунд кызытмага байланыштуу айыпталган спортчуларга жана өлкөлөргө каршы жазаны күчөтүүгө чакырган.
Сентябрь айында ВАДА Орусиянын Кызытмага каршы агенттигине (РУСАДА) кылмыш ишин козгогон. Анда Москваны ушул жылдын башында «допингге байланыштуу бурмаланган жалган маалымат берген» деп күнөөлөгөн. Уюм РУСАДАнын Москвадагы лабораториясында кызытмага каршы эрежелер бузулган деген 47 учур иликтенип жатканын билдирген.
Орус спортундагы кызытма жаңжалына байланыштуу РУСАДА 2015-жылы ыйгарым укуктарынан ажыраган. Үч жылдан кийин, 2018-жылы сентябрда орусиялык агенттиктин укугу калыбына келтирилген.
Москва спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы жүргүзгөн күрөшү аксап келгенин мойнуна алган. Бирок «кызытманы колдонууга жогорку жетекчиликке чейин аралашкан» деген дооматтарды толугу менен четке каккан.