«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 6-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12° жылуу болот.
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1…+4° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук болот.
Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан жаабайт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;
Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
Бийик тоолуу райондордо -13…-18, күндүз -2…-7 градус болот.
Бишкекте 6-ноябрда кар жаашы мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° болот.