Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусунун долбооруна комиссиянын дагы бир мүчөсү Жаркынбек Касымбеков каршы добуш бергени белгилүү болду.
- Комиссиянын бүтүмүнө караманча-каршы болуп, макулдугумду берген жокмун. Өзгөчө пикир да айтпай комиссиянын андан аркы ишине катышуудан баш тарттым. Комиссиянын жыйынтыгы менен макул эмесмин, - деди Касымбеков.
Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия негизги ишин 31-октябрда жыйынтыктаган. Учурда корутундусу даярдалып жатат. Комиссиянын бүтүмү эми Жогорку Кеңештин депутаттарына тааныштырылат.
Буга чейин комиссиянын корутундусунун долбооруна комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова да каршы добуш берген. Ал муну Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операциянын башында турган УКМК, ИИМдин жетекчилеринин жоопкерчилиги каралбай калганы менен түшүндүргөн.
Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.
7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жараат алган 175 адам ооруканага кайрылган.
Атамбаевдин тарапташтары Кой-Таш окуясында мындан башка да жараат алган бир топ адам күч кызматкерлеринен коркуп, ооруканага кайрылбай үйлөрүндө дарыланышканын билдирип келет. (BTo/BkA)