Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Алматы: Дамирбек Асылбек уулунун сот өкүмү өзгөргөн жок


Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.
Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.

Казакстандын Алматы шаарынын апелляциялык соту 5-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карап, канааттандырган жок. Ал эми аны менен кошо соттолгон Уланбек Мурадиловдун 10 жылдык жаза мөөнөтүн сегиз жыл кылып кыскартты.

Дамирбек Асылбек уулун соттун төмөнкү инстанциясы 12 жылга эркинен ажыраткан. Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.

Былтыр февралда Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров кармалган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан.

37 жаштагы депутат «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

XS
SM
MD
LG