Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттерди (ЖККУ) тышкы саясат жана аскердик-техникалык кызматташууда бул уюмга кирген бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алууга чакырды. Ал Ереванда 5-ноябрда ЖККУнун парламент аралык ассамблеясынын жыйынында Азербайжанга курал-жарак сатканы үчүн Орусия менен Беларусту сынга алды.
1990-жылдардын башында Азербайжанда армяндар басымдуулук кылган Тоолуу Карабакты Армения колдогон жикчилдер согуш учурунда ээлеп алган. Кандуу кармашта жалпысынан 30 миңдей адам ажал тапкан, жүздөгөн тургундар үй-жайын таштап качкан. Буга байланыштуу эки өлкө бири-бирине эмгиче доомат артып келет жана чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.
ЖККУга Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.