Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:22

Ош шаарында убада кылынган күнү жылуулук толук берилбей калды


Ош мэриясынын жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имараты.
Ош мэриясынын жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имараты.

Ош шаарында мэрия убада кылган күнү - 5-ноябрда көп кабаттуу үйлөргө жылуулук толук берилбей калды.

Калаа бийлигинин басма сөз кызматы мэр жылуулукту берүү боюнча буйрукка кол койгонун билдирип, "Жылуулук камсыздоо" ишканасы тейлеген бир канча кичирайондордогу үйлөр 6-ноябрда жылый баштарын айтты.

Жылуулук электр борбору тейлеген кичи райондор үчүн 7000 тонна суу ысытылып жатканын кошумчалап, түшүнүү менен кабыл алууну сурады.


Ушул күндөрү Ошто абанын температурасынын эң төмөн көрсөткүчү +5 градус болууда. Эрежеге ылайык, +8ден төмөндөгөндө жылуулук берилиши керек.

Ошто Жылуулук электр борборунун үч буу казаны бар, ал 38 билим берүү, 12 саламаттыкты сактоо, сегиз жогорку окуу жайын, беш өнөр жай мекемелерин, 319 көп кабаттуу үйдү, 200 жеке менчик үйдү, 298 мекемени жылуулук менен камсыздайт.

«Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын 83 отканасы бар. Алардын 18и электр энергиясы, 65и көмүр менен иштейт. Шаардагы 288 көп кабаттуу үйгө, 95 мекемеге жана 48 жеке менчик үйгө жылуулук берет. (MdN)

XS
SM
MD
LG