Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Өзбекстанда нан кымбаттады


Өзбекстанда бөлкө нандын баасы соңку үч аптада эки эсе кымбаттады.
Kun.uz сайты тараткан маалыматка караганда, азыр дүкөндөрдө бир нан 1600 сумдан, базарда 1700 сумдан сатылууда. Бул кыргыз валютасына которгондо 14-15 сомго барабар.

15-октябрга чейин наркы 1100 сом (9-10 сом) болгон.
2018-жылы 600-650 сумдан (5 сомдун тегерегинде) сатылчу.

Кыргызстанда да ушул күндөрү ундун жана нандын баасы өсүп, Бишкектин тургундары мурда 15-16 сомдон сатылган бөлкө нан 20 сомго чейин көтөрүлгөнүн айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG