Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Түркияда сот оппозициялык эки журналистти эркиндикке чыгарды


Ахмет Алтан жана Мехмет Алтан.
Ахмет Алтан жана Мехмет Алтан.

Түркияда сот оппозициялык "Taraf" гезитинин мурдагы башкы редактору Ахмет Алтан менен журналист Назлы Ылыжакты эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотту. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик "Anadolu" агенттиги кабарлады.

2018-жылы февралда оппозициялык маанайдагы журналисттер Назлы Ылыжак, Ахмет Алтан жана анын бир тууганы, профессор Мехмет Алтан бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлендин тыюу салынган кыймылы менен байланышта болгон деп айыпталып, өмүр бою соттолушкан. Түрк бийлиги 2016-жылы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштү Гүлен уюштурган деп эсептейт.

Быйыл июль айында Түркиянын Жогорку Кассациялык соту журналисттерге тагылган «Мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көрүү» беренесин «Террордук топко көмөктөшүү» беренесине алмаштырган. Биринчи баскычтагы сот ишти кайрадан карап, алардын абактагы мөөнөтүн кыскартты. Ахмет Алтан менен Назлы Ылыжак үч жылдан бери камакта отургандыктан, тилкаттын негизинде бошотулду. Өткөн жылы эркиндикке чыккан Мехмет Алтанга карата сот актоо өкүмүн чыгарды.

2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетинен кийин Түркияда 80 миңден ашык киши камалып, дагы 150 миң мамлекеттик кызматкер жумуштан алынган. Президент Режеп Тайип Эрдоганды сындагандар ал бул төңкөрүш аракетин саясий каршылаштарын жок кылуу үчүн пайдаланып жатат деп айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG