Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Ардагер оор атлет Азизбек Куйкеев Кипрде эл аралык таймашта жеңүүчү аталды


Азизбек Куйкеев жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде. 2-ноябрь, 2019-ж. Лимассол, Кипр.
Азизбек Куйкеев жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде. 2-ноябрь, 2019-ж. Лимассол, Кипр.

Кыргызстандык Азизбек Куйкеев Кипрде өткөн оор атлетика боюнча ардагерлер арасындагы эл аралык ачык чемпионатта жеңүүчү болду. Бул тууралуу спортчу "Азаттыкка" өзү билдирди.

Кипрдин оор атлетика федерациясынын сайтындагы маалыматка караганда, "1st MEDITERRANEAN/INTERNATIONAL MASTERS OPEN CHAMPIONSHIPS" аталышындагы мелдеш 1-4-ноябрда Кипрдин Лимассол шаарында өттү. Ага 37 өлкөдөн 30-90 жаш курактагы ардагер оор атлеттер катышып, жашына жараша эркектер жана аялдар арасында 11 тайпада,10 салмак категориясында күч сынашты.

Мелдешке Кыргызстандан жалгыз Азизбек Куйкеев катышып, 55 жаштан 60 жашка чейинки курактагылар арасында 81 килограмм салмакта күч сынашты. Ал жалпы суммада 195 килограмм салмакты багындырып (булкуп көтөрүүдө 85 кг, түртүп көтөрүүдө 110 кг), жеңүүчү аталды. Бул категорияда 2-орунду Грекиянын өкүлү алган. Калган спортчулар квалификациялык таймаштан өтпөй калгандыктан 3-орундун ээси аныкталган эмес.

56 жаштагы Азизбек Куйкеев СССРдин спорт чебери. Ардагерлер арасында Азиянын жана Дүйнөнүн чемпиону (2013-ж.). Дүйнө кубогунунун эки жолку күмүш байгесинин ээси (2014-ж. Баку., 2016-ж.Токио.). Европанын ачык чемпионатында 5-орунду ээлеп (2017-ж.), Орусиянын ачык чемпионатында коло байге алган (2017-ж).
Ал 18 жашында Германияга аскерге кызмат өтөөгө барып, оор атлетика менен машыга баштаган. Ал жерде куралдуу күчтөр арасында өткөн мелдештерге катышып, бир нече жолу байге ээси болгон. Мекенине келгенде Кыргыз ССРинин чемпиону болуп, СССР куралдуу күчтөрүнүн биринчилигинде 5-орунду ээлеген. Андан соң Тогуз-Торо районунун Казарман айылында, учурда Токмок шаарында машыктыруучу болуп эмгектенет. Ортодо 29 жыл тыныгуудан кийин, 50 жашында 2013-жылы Бишкекте өткөн оор атлетика боюнча ардагерлер арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынгандан кийин эл аралык мелдештерге катышып келет.

2016-жылы оор атлетика боюнча эл аралык даражадагы калыс наамына ээ болгон. Кипрде өткөн чемпионатта күч сынашуудан сырткары мелдеш жүрүшүнө калыс милдетин да аткарып келди.


Бул чемпионатка күчтүү деп саналган Иран жана Сириянын ардагер спортчулары виза ала албай, мелдешке катышкан эмес. (ECh).

XS
SM
MD
LG