Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Чокморовдун 80 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды


Чокморовдун 80 жылдыгына арналган көргөзмөдөгү сүрөт.
Чокморовдун 80 жылдыгына арналган көргөзмөдөгү сүрөт.

Улуттук көркөм өнөр музейинде Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды.

Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзу өзүнүн салттуу күзгү көргөзмөсүн быйыл Чокморовго арнады. Көрүүчүлөрдүн назарына сүрөтчүнүн колунан жаралган көркөм эмгектер коюлган.

Көргөзмө 23-ноябрга чейин иштейт.

Музейдин администрациясы белгилегендей, каалоочулар үчүн майрам күндөрү да эшик ачык болот.

30-октябрда Чокморовдун музейинде ал тууралуу чыккан китептин бет ачары өткөн. Китептин автору - искусство таануучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Байыш Буудайчиевдин айтымында, Чокморов сүрөтчүлүк жаатында төрт жүздөн ашык чыгарма жараткан. Учурда 70тен ашыгы кыргыз көркөм маданиятынын алтын фондунда сакталуу.

Кыргыз киносунун тарыхында «Эң мыкты эркек актёр» наамын төрт жолу алган Сүймөнкул Чокморов тирүү болсо, быйыл 80 жашка чыкмак. (RK)

XS
SM
MD
LG