Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:41

Базар-Коргондо алты миллион сомдук таза суу долбоору ишке ашырылды


Базар-Коргондун Колот айылынын таза суу маселеси чечилди.
Базар-Коргондун Колот айылынын таза суу маселеси чечилди.

Жалал-Абадда Базар-Коргондун Колот айылынын таза суу маселеси чет өлкөлүк демөөрчүнүн жардамы менен чечилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.

Үч миңден ашык калк жашаган айылга жети чакырымдык суу түтүгүн тартып келүүгө 6 млн сомду Катардын “Ас-Салам” коомдук фонду бөлүп берди.

Таза суу долбоорунун жыйынтыкталышына арналган расмий иш-чарага облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев катышып, катарлык демөөрчүгө облус элинин атынан ыраазычылыгын билдирди.

Областун аймагында калкты таза суу менен камсыздоо программасына ылайык Ислам өнүктүрүү банкынын жана республикалык бюджеттин каржылоосуда жалпысынан 48 айылда, Дүйнөлүк банктын, Европа реконструкциялоо өнүктүрүү банкынын каржылоосунда 3 шаар, 6 айылда иштер жүрүүдө.

Мындан тышкары Кытайдын 100 млн долларлык гранттык долбооруна Жалал-Абад облусунун калкынын саны аз, жашоо шарты оор жалпы 200 миңге жакын эли бар 105 айылга ичүүчү суу системаларын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG