Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Жээнбеков: Бишкектин эски аянтына жана райондорунун бирине Усубалиевдин ысымын ыйгарган туура


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги эски аянтка жана борбор калаанын райондорунун бирине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу туура болот деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналып Улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу иш-чарада айтты.

“Эң негизгиси — улуу инсаныбызга койгон эстелигибиз да, эскерүүбүз да, анын жолун татыктуу улап кетүү менен өлчөнөт. Ал башкаруунун бийик үлгүсүн, жетекчилик абийирдин нукура сапатын көрсөттү” деди президент.

Бүгүн Усубалиев курдурган Күрп-Сай ГЭСине анын аты берилгени да маалым болду.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкордо туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, «Ак шумкар» өзгөчө белгисин, «Манас», «Ленин», «Эмгек кызыл туу» жана башка ордендерин алган. (RK)

XS
SM
MD
LG