Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 11:26

Тажик-өзбек чек арасында 15 согушкер жок кылынды


Окуя болгон жер.

Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы чек ара бекетинде бүгүн түнү болгон кандуу окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматынын маалыматына караганда, 6-ноябрга караган түнү беткап кийген куралчан 20 адам Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүдөн 60 чакырым аралыкта жайгашкан «Султанабад» чек ара отрядына караштуу "Ишкобод" тозотуна кол салган.

Бир чек арачы жана бир милиция кызматкеринин өмүрү кыйылганы расмий кабарланды.

Кол салгандар беш автоматты тартып алышкан.

Атайын операциянын натыйжасында 15 кылмышкер жок кылынып, калган бешөө колго түшүрүлдү.

Окуя Тажикстанда Конституция күнү белгиленип жатканда, президент Эмомали Рахмон Европада расмий сапар менен жүргөн кезде болду.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG