Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:25

Жаза аткаруу системасында дагы бир аскер каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу системасында дагы бир аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жоокерлердин энелеринин республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова билдирди.

Анын айтымында, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Кайтаруу жана күзөт департаментинин окуу борборунда сержант жигит жатаарда каза болду.

Ал аскерге алты ай мурда Баткен облусунан чакырылган.

ЖАМКнын басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн жок.

Бир күн мурда №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп каза болгон.

2018-жылы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Руслан Сапарбаев кезмет учурунда токко урунган.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка жоокер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG