Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

Сондленд: Киевге берилчү жардам Байденге карата иликтөөгө көз каранды болгон


АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондленд.
АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондленд.

АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча демократтар демилгелеген иштеги буга чейинки жабык көрсөтмөлөр ачык жарыялана баштады. Өкүлдөр палатасы бул жумада президент Дональд Трамп кызматынан кыянат пайдаланганбы деген иликтөөдөгү көрсөтмөлөрдүн стенограммасын жарыялай баштады.

5-ноябрда Өкүлдөр палатасы эки маанилүү күбө – АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондленддин жана Вашингтондун Украинадагы атайын өкүлү Курт Волкердин көрсөтмөлөрүн чыгарды.

Эки дипломат тең Трамптын 25-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон сүйлөшүүсүнө жана мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин ишин иликтөө тууралуу суранычына күбө болушкан.

360 беттен турган көрсөтмөсүндө Волкер Жо Байденге карата иликтөө жүргүзүүгө каршы чыгып, Украинага ишеним артпай жаткан президентти өз оюна көндүрүүгө аракет кылган.

Трамп Волкерди Кошмо Штаттардын Украинадагы өкүлү кылып, 2017-жылы дайындаган.

АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондленд болсо, алгачкы көрсөтмөсүн оңдоп, башкалардын көрсөтмөлөрүн окугандан кийин анын айрым чоо-жайын эстегенин айтып берген.

Ал Трамптын администрациясы аскердик жардам катары бериле турган 400 миллион долларды кечеңдетип, Киевди Байденге карата иликтөө жугүзүүгө түртүп жатканын билгенин кошумчалаган.

АКШда президентке ишеним көргөзбөөнү демилгелегенге чейин жеткирген саясий жаңжал Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам чыккан. Атайын кызматтагы информатор анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө Украинанын президенти Владимир Зеленскийди ынандырган деп маалымат берген.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты «ыйгарым укугунан аша чапты» деп айыптап, ага импичмент жарыялоону баштоо аракеттерине киришкен. Президент Трамп буга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет.

АКШнын Өкүлдөр палатасы 31-октябрда Трампка импичмент жарыялоо ишине байланышкан иликтөөнүн кийинки баскычын баштоого жол ачкан резолюцияны колдогон. Резолюция ачык угууларды өткөрүүгө, жабык жыйындардагы көрсөтмөлөрдүн стенограммасын ачыкка чыгарууга уруксат берет.

XS
SM
MD
LG