Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Ирандын түштүгүндө 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды


Бандар-Аббас шаарынын картадан көрүнүшү.
Бандар-Аббас шаарынын картадан көрүнүшү.

Европалык - жер ортолук сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда, 6-ноябрда саат 11лерде болгон силкинүүнүн күчү 5,5 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Ирандын Бандар-э-Ленге шаарынан 80 чакырым, ал эми Бандар-Аббас шаарынан 120 чакырымдай жерде болгон.

Жер титирөөдөн кийинки кыйроолор же жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.

Ирандын табиятында кыйроолорго алып келген жер титирөө көп катталат.

2003-жылы тарыхый Бам шаарындагы күчү 6,6 балга жеткен силкинүүдөн 26 000 киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG