Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

АКШ Кытайды мусулман азчылыктарын куугунтуктоону токтотууга чакырды


Шинжаңдагы саясий лагерлердин бири, 6-январь, 2019-жыл.
Шинжаңдагы саясий лагерлердин бири, 6-январь, 2019-жыл.

Кошмо Штаттары мусулман уйгурлардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана өз башынан өткөргөн окуялары тууралуу айтып берген Шинжаңдагы кайра тарбиялоочу лагердин мурдагы туткундарынын куугунталышы тууралуу көптөгөн маалымат келип жатканына тынчсыздануусун билдирет.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 5-ноябрда билдирди. Анын айтымында, Шинжаң-Уйгур автоном районундагы активисттерге карата кээ бир куугунтуктоолор алар АКШнын Мамлекеттик департаментинин кызматкерлери менен жолуккандан кийин болгон.

«Мамлекеттик департаменттин атынан Кытайдын Коммунисттик партиясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан репрессияга кабылган эр жүрөк адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө өзүмдүн атымдан чыныгы көңүл айтуумду билдирем», - деп айтылат Майк Помпеонун билдирүүсүндө.

Ал Кытай бийликтерин уйгурларды куугунтуктоону токтотуп, мыйзамсыз кармалып турган адамдардын баарын тезинен бошотууга чакырган.

Кытайдын Борбор Азиянын үч өлкөсү менен чектешкен Шинжаң районунда уйгур, кыргыз, казак ж.б. мусулман коомчулугунун өкүлдөрүнүн эркиндиги чектелип, укугу одоно бузулуп жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ушул тушта Кытай бийлиги жалпы саны бир миллиондой уйгур жана башка мусулман азчылыктардын өкүлдөрүн атайын лагерлерде эркинен тыш кармап отурат.

Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, андай жайларды "тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор" деп атап келе жатат.

XS
SM
MD
LG