Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:06

Кайрымдуулук кутучаларынан акча уурдоого каршы акция башталды


“Үмүттү уурдаба” акциясы.
“Үмүттү уурдаба” акциясы.

Кыргызстанда өсмө оорусуна чалдыккан балдарга жардам берүү максатында коомдук жайларга коюлган кутучаларды уурдоого каршы акция башталды.

“Үмүттү уурдаба” деген флешмобду «Help the children - SKD» кайрымдуулук фонд уюштурууда.

Фонддун маалымат катчысы Асел Тургумбаеванын айтымында, соңку айларда кутучаларды акчасы менен кошо уурдап кеткен учурлар көбөйдү.

“Бул кутучалардагы акча онкологиялык жана гематологиялык дартка чалдыккан, дарыланып жаткан балдар үчүн жөн гана акча каражаты эмес. Бул алардын үмүтү” деди Тургумбаева.

Флешмобду уюштурууга Кызыл Ай коому жардам берүүдө.

Кыргызстанда 25 миңден ашуун адам өсмө (рак) оорулары менен каттоодо турат. Алардын 3 миңге чукулу 18ге чыга элек балдар жана өспүрүмдөр. (RK)

XS
SM
MD
LG