Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги Бишкек-Бээжин учак каттамын ачуу боюнча 2016-жылкы сүйлөшүүнү быйыл ишке ашырууга аракет көрүүдө. Мекеменин башчысы Курманбек Акышев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, үч жыл мурун атайын делегация Кытайга барып, баштапкы макулдашууну түзгөн.
Эгер ал ишке ашса, Бишкектин "Манас" эл аралык аэропорту менен Бээжинден 40 км алыска курулган жаңы аба майдандын ортосунда каттам түзүлөт. Аны Кыргызстандын жана Кытайдын авиакомпаниялары ишке ашырат.
Азыр Кыргызстандан Орусияга, Түркияга, Бириккен Араб Эмиратына, Казакстанга, Өзбекстанга, Кувейтке, Монголияга, Тажикстанга жана Кытайдын Шиңжаң автоном районуна жүргүнчү ташыган учактар учат. Египет менен Тайландга чартердик каттамдар бар. (SE)