НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин айтымында, Берлин дубалы «Европанын жүзүндөгү жаракат» болгон жана ал адамдарды жана идеяларды тосууга аракет кылган.
«Кароол мунаралары жана сакчы иттердин жардамы менен адамдарды, идеяларды тосуу аракети болгон. Бирок ал ишке ашкан эмес», - деди Столтенберг 6-ноябрда НАТОнун Брюсселдеги башкы кеңсесиндеги салтанатта. Уюмдун башкы кеңсесинин алдына монумент катары Берлин дубалынын бөлүгү орнотулду.
Германиянын НАТОдогу элчиси Ханс-Дитер Лукас 1989-жылы ноябрда Берлин дубалы кулаган окуя «дүйнөнү өзгөрткөн тарыхтагы маанилүү учурлардын бири болгонун» билдирди.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг үч күндүк сапар менен Германияга барып, президент Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Ангела Меркель менен жолугушат. Ошондой эле Берлин дубалынын кулаганынын 30 жылдыгына арналган салтанатка катышмакчы.
1989-жылдын 9-ноябрынын түнүндө демократияны жактаган бир нече апталык демонстрациялардан кийин “кансыз согуштун” символуна айланган Берлин дубалы кулатылган. Бул өз кезегинде экиге бөлүнүп калган Германиянын биригүүсүнө алып келген.