Германиянын «Lufthansa» авиакомпаниясы учкучтардын жана борт коштоочулардын нааразылыгынан улам 1300 каттамды токтотту. Мунун айынан 180 миң жүргүнчү орто жолдо калды.
Кызматкерлер 7-8-ноябрда иш таштай турганы кабарланган. Алар эмгек шарттарын жакшыртууну жана айлыкты көтөрүүнү талап кылышууда.
«Lufthansa» компаниясынын Франкфурт-на-Майне аэропортуна жакын баш кеңсесинде 6-ноябрда борт коштоочулар жапырт демонстрацияга чыгышкан.
«Lufthansa» жетекчилиги протестти токтотуунун юридикалык жагын караштырып, бирок эмгек талаштары боюнча сот компаниянын арызын канааттандырган жок.
Октябрда да ушул өңдүү нааразылык уюштурулуп, Берлин, Мүнхен, Франкфурт жана Дүсселдорф шаарларында аба каттамдары үзгүлтүккө учураган.