Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:01

Казакстанда Интернеттеги 13 миңден ашык баракча бөгөттөлдү


Казакстанда жыл башынан бери социалдык түйүндөрдөгү экстремисттик мазмундагы 13 миңден ашуун баракча жабылды. Бул тууралуу 6-ноябрда Нур-Султандагы дин таануучулардын форумунда маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев билдирди.

– 2019-жылдын башынан бери интернет-ресурстардын ээлери менен жетекчилерине сунуш айтылып, мыйзамга каршы келген 25 миңден ашуун материал өчүртүлгөн. Терроризм жана диний экстремизм идеологиясын үгүттөгөн 13 миңден ашуун материалга бөгөт коюлган, – деди Абаев.

Казак бийлиги жыл сайын Интернетте экстремизмге үгүттөгөн сайттар менен баракчалар жабылып жатканын кабарлаганы менен алардын тизмесин жарыялабайт. Алардын арасында "бийликке жакпаган сайттар дагы болушу ыктымал" деп кооптонгон укук коргоочулар бул процедура ачык болушу керек деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG