Өкмөт нотариустардын бирдиктүү реестрин түзүү, «Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү башталганын маалымдады. Ал «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» трансформациялоо концепциясынын алкагында ишке ашырылууда. Ал үчүн Юстиция министрлигине 7,3 млн. сом бөлүнгөн. Долбоор 20-сентябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарында тесттик режимде иштеди.
"Бул система иштин ачыктыгын арттырууга, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, нотариустардын ишинин сапатын жогорулатууга, адамдык фактордун таасирин четтетүүгө багытталган",- деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.
2019-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган. (SE)