Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Ош мэриясы тарбиялык иштерде имамдарды тыгыз кызматташууга чакырды


Туран конушундагы жыйын.
Туран конушундагы жыйын.

Ош шаардык мэриясынын Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Алишер Ажибаев дин кызматкерлерин эл менен тыгыз иштешүүнү улантууга чакырды. Калаанын Туран конушунда балдардын окуусун, жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө арналган жыйында ал имамдарга ушундай кайрылуу жасаганын Муфтияттын басма сөз кызматы 7-ноябрда кабарлады. Ажибаев элге үгүт-насаат айтып, таалим-тарбияны жакшыртууда дин кызматкерлери чоң салым кошорун белгилеген.

Ош шаардык мэриясы ушундай өңүттө жыйындар болуп жатканын бышыктады. Андай иш-чараларга мектеп директорлору, кварталдык комитет башчылары, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери жана мечит имамдары чакырылат.

XS
SM
MD
LG