Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жетекчиси тажик президентин сөз эркиндигин камсыздоого чакырды


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон (оңдо), Цюрих, 7-ноябрь 2019-жыл.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон (оңдо), Цюрих, 7-ноябрь 2019-жыл.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун (RFE/RL) президенти Жейми Флай Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Швейцариянын Цюрих шаарында жолугуп, “Азаттыктын” тажик кызматынын ("Озоди" радиосу) журналисттеринин аккредитация алуу маселесин көтөрдү.

Флай «Эркин Европа/Азаттык» радиосу эл аралык журналистиканын эң жогорку стандарттарын карманаарын, өкмөттүн коркутууларынан улам ал стандарттарга шек келтирбей турганын белгиледи.

Ошондой эле эгер “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисттеринин аккредитация маселеси тез арада чечилбесе, радионун Тажикстандагы ишмердигин кайра карап чыгууга туура келерин айтты.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу өз журналисттеринин тандалма аккредитациядан өткөрүлүшүнө же кыска гана убакытка уруксат берилишине макул эмес", - деди эл аралык радионун президенти.

Эмомали Рахмон “Озоди” радиосунун ишинин маанилүү экенин, радионун Тажикстанда иш алып баруусун каалай турганын билдирди. Мындан улам Жейми Флай Тажикстандын Тышкы иштер министрлигин журналисттерге каршы опузаны токтотууга чакырды.

31-октябрда Тажикстандын бийлиги “Азаттыктын” тажик кызматынын баш-аягы 20 журналистин жана кызматкерлеринин аккредитация алуу тууралуу өтүнүчүн жарым жартылай гана канааттандырып койгон. Ага ылайык, алты кабарчыга алты айга, бирөөнө үч айга гана аккредитация берилген. 11 кабарчы аккредитация ала алган эмес.

Тажик мыйзамдарына ылайык, эл аралык медиа каражатына иштеген журналисттер жыл сайын өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен уруксат алып турушу керек.

Тажик бийлиги аккредитация берүү эрежесин көз каранды эмес маалымат каражаттарынын ишмердигин чектөө үчүн колдонгону буга чейин да байкалган. 2016-жылы «Озоди» радиосу президент Рахмондун кыздарынын бири жаңы кызматка дайындалганы тууралуу жазып чыккан соң алты журналистинин аккредитациясы жокко чыгарылган.

XS
SM
MD
LG