Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Келерки жылдын бюджети тууралуу парламенттик талкуу болот

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-ноябрда Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзам долбоору талкууланат.

Парламенттик талкууга мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Өлкөнүн «2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору өткөн аптада Жогорку кеңештин бир катар тармактык комитеттеринде каралган.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, келерки жылдын бюджетинде киреше 163, 7 миллиард сом болсо, чыгаша 173,6 миллиард сомду түзөт. Ортодогу тартыштык 9,9 миллиард сом. (ZKo)

XS
SM
MD
LG