Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Түркияда кыргыз мигранттары мекендешин тоногон деп шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Анталия прокуратурасынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда 7-ноябрда Анталия шаарынын Манавгат аймагындагы мейманканалардын биринде иштеген кыргызстандык эки келин ошол эле мейманканада иштеген мекендешин ур-токмокко алып чөнтөк телефонун тартып алган. Жабырлануучу, 38 жаштагы Н.К. Манавгат мамлекеттик ооруканасына жеткизилип, ал жерден полиция кымзаткерлерине арыз менен кайрылган.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык эки шектүү жаранга каршы кылмыш иши козголуп, алар «Уурулук», «Коркутуу» жана «Ур-токмокко алуу» беренелери боюнча камакка алынган.

Окуяга тиешелүү кыргызстандык жарандар Манавгат аймагындагы беш жылдыздуу мейманканалардын биринде бөлмөлөрдү тазалап иштешчү.

Жабырлануучу Н.К. учурда мамлекеттик ооруканада дарыланууда.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинин маалыматы боюнча Түркиянын абактарында ушу тапта 12 кыргызстандык отурат.

Ал эми жалпысынан Түркияда расмий түрдө 30 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет. (ElB)

XS
SM
MD
LG