«Ала-Тоо» кинотеатрынын маңдайындагы «Антошка» кафесинде жарылуу болгону тууралуу маалыматты ага күбө болгондор социалдык тармактарга жарыялашты. ӨКМдин 112 кызматы жарылуу болгонун ырастады. Баштапкы маалыматтар боюнча Эркиндик жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги тез тамактануучу жайдагы жарылуудан жабыркагандар бар, жаш балдар да болушу мүмкүн экени айтылууда.
Кырсык болгон жерге ИИМдин кайгуул-күзөт кызматкерлери келип, күйүп жаткан имараттан элди чыгарып кетишкен.
Күбөлөрдүн айтуусунда, кафеде үч жолу жарылуу болгон.