Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 20-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 20:31

«Антошка» кафесиндеги жарылуудан бир киши мерт болду


«Антошка» кафеси өрттөн кийин. 8-ноябрь, 2019-жыл.

Бишкекте өрт чыккан «Антошка» кафесиндеги жарылуудан бир киши мерт болду. 13 адам жаракат алып, баары ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Анын маалыматына ылайык, жабыркагандардын үчөө жаш балдар. Алар дарыгердин кароосунан кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Тогуз адам №4 травматологиялык ооруканага жеткирилди. Кырсык болгон жерде жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча, жарылуудан кийинки өрт толук өчүрүлгөн.

Бүгүн, 8-ноябрь күнү болжол менен саат 13:45 чамасында Бишкектин Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Антошка» кафесинде жарылуу болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча газ баллон жарылган. Учурда кырсыктын себептери такталууда. (ZKo/KR)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG