Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Өкмөт: Ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүнө мамлекет киришпейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 8-ноябрда тараткан маалыматта "18-октябрда премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасында турак жай каржылоо тутумун жакшыртуу жөнүндө» кеңешменин протоколуна кол коюу менен эч кандай мыйзам бузган эмес.

Документте жазылган протоколдук тапшырмаларды чарбалык субъекттердин ишмердүүлүгүнө мамлекеттин кийлигишүүсү катары түшүнүүгө болбойт, анткени алар сунуштоо мүнөзүнө ээ, буга «макулдашуу боюнча» жазуусу күбө. Ошентип, премьер-министр бул протоколго кол коюу менен мыйзам бузган жок" деп жазылган.

Бирок маалыматта кеңешме протоколунун мазмуну ачык көрсөтүлгөн эмес.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 18-октябрь күнү тиешелүү мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда турак жай тутумун каржылоону өркүндөтүү боюнча жыйын өткөрүп, Мамлекеттик ипотека компаниясына бюджеттен каралган каражаттын өлчөмүн 150 млн. сомго азайтууну чечкен.

Мындан сырткары өкмөт башчынын кеңешмесинин протоколунда Мамлекеттик ипотека компаниясы Нарын жана Бишкек шаарларында курган көп кабаттуу үйлөрдү жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүү шарттарын иштеп чыгуу маселеси коюлган.

Бул тууралуу "Азаттык" 2-ноябрда жазып, буга аталган компаниянын жетекчилиги курулуш иштерин жүргүзүүдөн четтөө тууралуу өкмөткө киргизген сунушу негиз болгонун кабарлаган. Макалада "Мамлекеттик ипотекалык компания" тарабынан Нарын жана Бишкек шаарларында курулган көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна көп акча сарпталып, баасы коммерциялык турак жай баасына туура келип калганы фактылар менен берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG