Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Чеченстанда ырчыларга талап катуулайт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чеченстандын маданият министри Хож-Бауди Дааев ырчылар менен жолугуп, аларды аткарган чыгармасы тууралуу мындан ары "эксперттик кеңеш" жана дагы башка комиссия менен макулдашып турууга милдеттендирди.

Ошондой эле артисттерди социалдык тармактарда билдирүү, пикир калтырганда жана сүрөттөрүн жарыялаганда жоопкерчиликтүү болуп, этиканы сактоого чакырды.

Дааев "Инстаграмдагы" баракчасына өлкөдө чечен ырчыларына ар тараптан кеңеш айта турган түрдүү комиссиялар бар экенин белгиледи.

Мунун алдында Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Интернетте, социалдык тармактарда кимдир бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтиргендерди таап, жазалоону талап кылган.


Ал 5-ноябрда аймактын өкмөтүнүн жыйынында "ынтымакты бузуп, ушак-айың жана бөлүп-жаруу менен алектенгендерди өлтүрүп, камап, коркутуп токтотпосок, мындан башка аракеттерден майнап чыкпайт" деп айткан.

Кадыров "дүйнө алоонуп кызыл чокко батып күйүп жатса да, бардык мамлекеттердин мыйзамы бузулса да" андай адамдардын сары изине түшө берерин эскерткен.

Кремл Рамзан Кадыровдун мындай билдирүүсү тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан. Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков анын сөздөрүн текшерүүгө негиз жок деп айткан.

XS
SM
MD
LG