Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Укук коргоочулар өзбек бийлигин журналист Рузметовдун өлүмүн иликтөөгө чакырды


Давлатназар Рузметов.
Давлатназар Рузметов.

Башкы кеңсеси Парижде жайгашкан Борбор Азиядагы адам укуктары бирикмеси Өзбекстандын бийлигин Хорезм шаарындагы көз карандысыз журналист Давлатназар Рузметовдун (Давлат Назар) өлүмүн иликтөөгө чакырды.

Уюмдун башчысы Надежда Атаева бийликти сындаган макалалары менен таанымал маркум журналистти акыркы күндөрү атайын кызматтын өкүлдөрү артынан сая түшүп аңдып жүрүшкөнүн айтты. Жергиликтүү бийликтеги коррупция, мажбурлап иштетүү өндүү маселелерди көтөргөн журналистти "жол кырсыгында каза болду деген шылтоо менен өлтүрүп коюшу ыктымал" деген божомолун билдирди.

Башкы прокуратура журналист 6-ноябрда жолдон өтүп баратканда машина уруп кетип каза болгонун билдирген. "Азаттыктын" өзбек кызматы менен да кызматташып жүргөн 48 жаштагы Давлат Назар соңку эки жыл ичинде сын материалдарына байланыштуу бир канча жолу камалган.

Буга чейин «Amnesty International» эл аралык укук коргоо уюму хорезмдик журналист-блогер Нафосат Оллашукурованын бошотулушун талап кылган атайын кампания баштаган. Блогерди сентябрдын аягынан бери психоневрологиялык диспансерде мажбурлап дарылап жатышат.

Ушул жылы жазында Хорезмде журналист Махмуд Ражабга кылмыш иши козголгон. Ал 20дай тууганын алып, сентябрь айында ички иштер министрине даттаныш үчүн Хорезм облусунан Ташкентти көздөй жөө жүрүшкө чыккан. Аны Нафосат Оллашукурова социалдык тармактар аркылуу түз чагылдырып турган. Журналист тууган-уругу менен жолдо камакка алынган. Оллашукуровага да кылмыш иши козголгон жана көп өтпөй эле аны психоневрологиялык ооруканага күчтөп жаткырышкан.

Оллашукурова социалдык тармактардан коррупцияга байланыштуу көрүнүштөрдү, турак жайдын бузулушунан чыккан нааразылыкты да чагылдырып турган.

XS
SM
MD
LG