«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 10-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;
Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;
Бийик тоолуу райондордо -10…-15, күндүз -4…+1 градус болот.
Бишкекте 9-ноябрда жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 11…13 градус болот.