Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:05

Футбол: Кыргызстан Өзбекстандан 1:3 эсеби менен утулду


Бишкек шаары. 11-октябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жолдоштук беттеште Өзбекстандын футболчуларынан 1:3 эсебинде утулду. Беттеш Ташкенттин «Пахтакор» стадионунда өттү.

Эми 2022-жылдагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарынын алкагында кыргызстандык футболчулар 14-ноябрда Жапония, 19-ноябрда Тажикстан менен беттешет. Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0-1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7- 0, Монголияны 2-1 эсебинде уткан.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG