Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:47

Польша Орусиянын өтүнүчү менен украин активистин кармады


Игорь Мазур.
Игорь Мазур.

Польшада Орусиянын өтүнүчү менен Украинанын Жогорку Радасынын катчылыгынын адам укуктары боюнча өкүлү, активист Игорь Мазур кармалды. Бул тууралуу ишембиде Украинанын бийлик өкүлдөрү айтышты.

Орусияда ишмердигине тыюу салынган УНА-УНСО улутчул уюмунун лидерлеринин бири Мазурга 1990-жылдары чечен сепаратисттерин колдоп, Чеченстандагы согуштук аракеттерге катышкан деген айып коюлду. Ал Украина менен Польшанын чек арасында кармалган. Маалыматка караганда, анын аты-жөнү Интерполдун маалымат базасында болгон.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков муну «Кремлдин пайдасы үчүн ойдон чыгарылган иш» деп атап, Польша бийлигин Игорь Мазурдун ишин тез жана калыс кароого чакырды.

Буга чейин Орусияда ушундай эле кине менен Украинанын эки жараны Николай Карпюк менен Станислав Клых соттолгон. Алар коюлган айыпты моюнуна алышкан эмес. Ушул жылдын сентябрь айында алар Украинада кармалган орусиялык туткундарга алмашылган.

Украинанын Жогорку Радасынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Людмила Денисова ишембиде Украинанын консулу Мазур менен жолукканын, анын бөгөт чарасы 11-ноябрда Польшада караларын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG