«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 11-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;
Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6;
Бийик тоолуу райондордо -12…-17, күндүз 0…-5 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° болот.