Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Жеке ветеринарлардын бирдиктүү реестри түзүлүүдө


Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул жылдан баштап жеке ветеринарлар Ветеринардык палатанын бирдиктүү реестрине каттала баштаганын билдирди. Аталган палата ветеринария тармагында иштеп жаткан жеке ветеринарлардын ишин жөнгө салууну көздөйт.

Учурда 873 ветеринар каттоодон өттү. Жогорку же атайын-орто ветеринардык билими бар дагы 2 миңден ашык адис каттоодон өтөт деп күтүлүүдө. Андан кийин алар жеке ветеринардык ишин жүргүзүүгө уруксат алышат.

Министрлик бул иш-чаралар аларга мамлекет айрым ыйгарым укуктарын бергенине байланыштуу уюштурулуп жатканын кабарлады. Мисалы, учурда жеке ветеринарлар эт азыктарынын сертификациялоосун жүргүзүүгө, малдын ден соолугун көзөмөлдөө, эпизоотиялык жагдайга мониторинг жүргүзүүгө окшогон иштерди аткарышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG