Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:36

Кой-Таштагы аскер бөлүктө офицер асынып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Кой-Таш айылындагы № 73809 аскердик бөлүктө кызмат кылган офицер асынып алды. Бул маалыматты «Азаттыкка» Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева ырастады.

Анын маалыматына караганда, окуя бүгүн, 10-ноябрда Кой-Таштагы кызматкерлер жашаган аскер шаарчасында болгон.

- Офицер, майор болчу. Бүгүн эртең менен ал өзү жашаган кызматтык үйдөн денесин таптык. Учурда бул ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Андан тышкары биз да өзүбүз иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз, - деди Жарашева.

4-5-ноябрь күндөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан эки жоокер каза болгон. Расмий маалымат боюнча алардын жүрөгү кармап калган. (BTo)

XS
SM
MD
LG