Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 21-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 01:36

Москвада жаш активисттерди бошотуу талабы менен пикет өтүүдө


Москвада Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) имаратынын алдында "Новое величие" иши боюнча кармалгандарды бошотуу талабы менен пикеттер уланууда.

Нааразылык акциясына айыпталуучулардын бири, Анна Павликованын апасы Юлия Павликова да чыкты.

ФСБнын алдына чыккандардын арасында бийликчил SERB кыймылынын активисттерин да көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы «Сеть» жана «Новое величие» кылмыш иштери боюнча 18-30 жаштагы 21 адамды экстремизмге байланыштуу айыптаган. Бул эки топ «Орусиядагы бийликти кулатууну көздөгөн» деп айыпталууда.

Балдардын ата-энелери муну «күч органдары уюштурган чагым» деп жатышат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG