Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

«Jashtar Camp» быйыл «Санарип муун» урааны менен өттү


Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

Кыргызстанда жаштардын кезектеги «Jashtar Camp» форуму жыйынтыкталды.

«Жаштардын өнүгүү институту» жана «Youth of Osh» уюмдары биргелешип уюштурган иш-чара быйыл «Санарип муун» урааны менен уюштурулду.

Бишкек, Нарын, Каракол, Талас, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Ош шаарларында «Санарип дүйнөдөн өзүңдү тап!» темасында мастер-класстар, презентациялар, флешмобдор жана кызыктуу мүмкүнчүлүктөр жармаңкелери өттү.

Жаштардын ишкердиги жана стартап, жарандык жана саясий катышуу, IT жана Data өнүктүрүү, маданият жана чыгармачылык багыттарында ийгиликке жетишкен ишмерлер, активисттер жана саясатчылар жаштар менен жолугушууларды өткөрүштү.

Айгерим Акылбекова.
Айгерим Акылбекова.

Ош шаарында өткөн форумга 500дөн ашуун адам, анын ичинде чек ара аймактарынан келген жаштар катышты. Анын алып баруучусу жана спикери «Азаттык» радиосунун кабарчысы Айгерим Акылбекова болду.

10-ноябрь Эл аралык жаштар күнү катары майрамдалат. (RK)

XS
SM
MD
LG