Ирандын президенти Хасан Роухани өлкөнүн түштүк-батышында 53 млрд. баррелдик жаңы мунай кору ачылганын билдирди. Тегеран буга чейин ырасталган мунай кору 150 млрд. баррелге барабар экенин маалымдап келген. Бул кабар Иран-АКШ мамилеси чыңалып турган учурга туш келди.
“Бүгүн биз АКШга маалымдап жатабыз - биз бай өлкөбүз, силердин душмандыгыңар жана тирандык санкцияларыңарга карабай мунай өндүрүшүндөгү жумушчуларыбыз жана инженерлерибиз бул ири мунай кенин ача алышты” – деди Роухани 10-ноябрдагы телекайрылуусунда.
Президент Иран экономикасынын абалы оңолуп келатканын, инфляция кармалып турганын да кошумчалады.
Иран мунай запасы боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Кара май экспорту бул өлкөнүн негизги кирешеси болуп саналат.
Тегеран "ядролук келишимдеги милдеттенмесин аткарбай жатат, аймактагы коңшуларына басым көрсөтүүдө, террордук топторду колдоп жатат" деген жүйө менен Кошмо Штаттары түрдүү экономикалык санкцияларды салып келет.