Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 21-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:11

Румыния: Азыркы президент шайлоодо эң көп добуш алды


Клаус Йоханнис.

Румынияда 10-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктарына караганда, азыркы мамлекет башчы Клаус Йоханнис алдыда келе жатат. Алгачкы эки сурамжылоодо ага шайлоочулардын 39% жакыны добуш бергени айтылды.

Йоханнис - Европа Биримдигин жактаган талапкер.

Румыниянын Борбордук шайлоо бюросунун маалыматына караганда, бул өнөктүккө шайлоо укугу бар жарандардын 48% катышты.

Президенттик кызмат үчүн 14 талапкер ат салышты.

Экинчи орунда мурдагы премьер-министр Виорика Данчилэ келе жатат.

Эгер талапкерлердин бири да добуштардын 50 пайызынан аша албаса 2-тур болот. Экинчи айлампа 24-ноябрда өтөт. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG