Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 21-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 01:36

ЖЭБ иши боюнча сот уланат


Бишкек ЖЭБи.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция боюнча сот жараяны уланат.

Адвокат Нурбек Токтакунов «Азаттыкка» билдиргендей, соттук териштирүүнүн азыркы этабында соттолуучулар суракка алынат.

2018-жылдын 26-январында Бишкекти жылуулук менен камсыз кылып туруучу ири ишкана – ЖЭБде авария болгон. Бир нече күн бою кыш чилдеде шаар тургундарынын көбү электр жарыгысыз жана жылуулуксуз калган. Бул окуядан кийин ишкананы модернизациялоого Кытай бөлгөн 386 миллион доллар насыянын максаттуу пайдаланылышы суроо жаратып, төрт кылмыш иши козголгон. Насыяны Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкынан» үстүнө 106 миллион доллар кошуп төлөө шарты менен алган.

Свердлов райондук соту карап жаткан кылмыш ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов былтыр камакка алынган.

Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (14)

XS
SM
MD
LG