Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:05

Экс-мэрлердин соту уланат


Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов. Коллаж.
Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов. Коллаж.

Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго, жалпысынан 13 кишиге козголгон кылмыш ишин кароо уланат.

Буга чейинки отурумда, 6-ноябрда соттолуучулардын бири, Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Сталбек Өмүрканов өзүн начар сезип, «Тез жардам» кызматы чакыртылган. Дарыгерлер ал кардиологго көрүнүшү керек экенин айтышкан.

Өмүрканов былтыр да сот учурунда кан басымы 240ка чейин жогорулап кеткенине байланыштуу медициналык жардам алган.

Соңку отурумда Калыс-Ордо конушуна барып, Кытайдын акчасына курулган мектепти жеринен барып көрүү тууралуу өтүнүч айтылды, бирок судья ага уруксат берген жок.

Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп шек саналып жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып жатышат.

4-ноябрда сөз экс-мэрлерге берилген. Бирок экөө тең сотко көрсөтмө берүүдөн баш тартып, «негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек» деп билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG