Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Кырсык көп болгон жерде жашаган аялдар менен балдардын абалы талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте климаттын өзгөрүшүнүн аялдардын жана балдардын жашоосуна тийгизген таасири талкууланат.

«Гендердик теңчилик аркылуу аялдардын жана балдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү» деген семинарды «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму уюштурууда.

Уюмдун маалыматына караганда, талкууга Армениядан, Грузиядан, Казакстандан, Азербайжандан жана Түркмөнстандан эксперттер катышат.

Жер титирөө, сел сыяктуу жаратылыш кырсыктары көп болгон, уран калдыктары көмүлгөн аймактарда жашаган аялдар менен балдардын абалы, аларга жардам берүүнүн жолдору тууралуу сөз болот.

Жыйынтыгында сунуштар иштелип чыгып, парламентке, президенттик аппаратка жана өкмөткө жөнөтүлөт.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда бүгүнкү күндө уран калдыгы көмүлгөн 92 объект бар. Анын 60ы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында. Радиоактивдүүсү 6 миллион куб метрден ашык көлөмдө. (RK)

XS
SM
MD
LG