Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

«Азаттыктын» кабарчысы «Үмүт» кинофестивалында жеңүүчү болду


Айдана Топчубаева.
Айдана Топчубаева.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы, «Азаттык+» жаштар берүүсүнүн алып баруучусу Айдана Топчубаева быйылкы «Үмүт» кинофестивалында мыкты аталды.

Ал режиссёр, сценарийдин автору жана продюсер болуп тарткан «Аяна» тасмасы фестивалдын «Мыкты фильм» сыйлыгын алды.

20 мүнөттүк даректүү тасма Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде быйыл тартылган. Көркөм жетекчиси – филология илимдеринин кандидаты, аталган университеттин улук окутуучусу Гүлзада Станалиева.

Тасмада көк бөрү боюнча улуттук команданын курамында ойноону самаган тогуз жаштагы Аяна аттуу кыз тууралуу баяндалат.

Быйыл 20-октябрда Айдана Топчубаеванын «Аяна» аттуу фильми IV Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалында 1-орунду ээлеген.

Ал эми сынактын эл аралык бөлүгүндө мыкты тасма деп азербайжандык режиссёр Орхан Агазаденин «Отургучтар» фильми аталды.

Жаш киночулардын «Үмүт» форуму быйыл жетинчи жылы өткөрүлүп, бул жолу белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналды.

Форум КМШ мамлекеттеринин жаш киночуларынын башын бириктирет. Максаты – жаш таланттарды колдоо, аларга өнүгүүгө жана өз ара пикир алмашууга шарт түзүү, маданий диалогго тартуу. (RK)

XS
SM
MD
LG